Жарыяланган
2024-09-08, 09:49Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссия биринчи окуу жылына 22 талапкерди жана экинчи окуу жылына 6 арызды жактырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Белгиленгендей, стипендия техникалык жана инженердик багытта тапшыргандарга артыкчылык берилет. Аталган стипендия дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка берилет.
Бериле турган стипендия тандалып алынган университетке жараша аныкталат жана жыл сайын 50 миң доллардан ашпоого тийиш.