akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-15-03, 03:30

    Эми кызамыкка каршы эмдөөнүн II дозасы эки жашта сайылат

    Кызамыкка каршы вакцинанын экинчи дозасы менен эмдөө 6 жаштан 2 жашка жылдырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. 

    Белгиленгендей, Саламаттык сактоо министрлиги кызамык вирусунун жугушун үзгүлтүккө учуратуу жана анын андан ары жайылышын алдын алуу боюнча чукул чараларды көрдү.

    Кыргызстанда кызамык оорусу боюнча кырдаал курч бойдон калууда. 2024-жылдын 12-мартына карата 5 миң 446 учур катталган. 2023-жылы катталган учурлардын саны бүткүл мезгил ичинде 7046га жетип, 9 бала каза болгон.