Жарыяланган
2024-27-05, 07:15Учурда Кыргызстанда доллардын улуттук валютага карата баасы арзандоодо. 27-майга карата өлкөнүн коммерциялык банктарында долларды сатып алуу 87,80 болсо, сатуу 88,30дун тегерегинде болууда. Доллардын арзандашы рынокто анын көлөмүнүн өсүшүнө байланыштуу. Бул тууралуу “Акчабарга” экономист, бизнес-пландоо боюнча эксперт Искендер Шаршеев билдирди.
Анын айтымында, доллардын наркынын төмөндөшүнүн үч себеби бар.
“Биринчиден, эл аралык “Forex” (ред. foreign exchange) соода аянтчаларында доллар арзандоодо. Экинчиден, Кыргызстанда калк инфляциядан сактануу максатында сактаган акчаларын доллар түрүндө банктык депозиттерге салган. Мындан улам, доллар түрүндө банктардагы депозиттердин көлөмү өстү. Банктардын акчасы жылбай, эл насыяларды сом менен алууда. Үчүнчүдөн, калк насыяларды доллар менен алгандан качууда. Ошондуктан азыр банктар сомго абдан муктаж", - деди ал.
Серепчи белгилегендей, банктар Улуттук банктан сом чыгаруу боюнча кошумча эмиссия сурашууда.
Эске салсак, 21-майда Улуттук банк валюта рыногунан 31,5 млн доллар сатып алган.
"Рынокто, майда акча алмаштыруучу жайларда доллардын саны көбөйүп кеткендиктен, долларларды сатыш керек болууда. Долларга болгон талап аз, сунуш көп болууда. Бул жагдай коңшу өлкөлөрдө да байкалгандай”, - деди ал.
Ошондой эле, Шаршеев насыяны сомдо алуу жана сомдо кайтаруу пайдалуу экендигин баса белгиледи. Муну ал насыя доллар менен алынса, доллар кымбаттап кетсе, жарандар көбүрөөк акча төлөп калары менен түшүндүрдү.