Жарыяланган
2023-19-10, 08:00Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров таш жана металл иштетүү үчүн машиналарды жана жабдууларды чыгарган италиялык Breton S.p.A компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Анын айтымында, өкмөт инвесторлорго жардам жана колдоо көрсөтүүгө даяр, өлкөдө өндүрүш үчүн чийки зат базасы боло турган кендер бар.
“Компания Кыргызстанда алдыңкы технологияларды жана жабдууларды колдонуу менен курулуш материалдарын чыгарган биргелешкен ишкана түзүүнү көздөөдө. Бул ишкана цемент плиталарын, кварц негизиндеги плиталарды жана башкаларды чыгармакчы”.