Жарыяланган
2021-25-03, 06:30Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргызстандагы орточо эмгек акынын көлөмү 17 мин 966 сомду түзгөн. 2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 4.6% жогору. Бул тууралуу финансы министрлиги Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына таянуу менен билдирди.
[news 32927]
Ошол эле учурда үстүбүздөгү жылдын январь айына салыштырмалуу айлык акы 2.58% төмөн төлөнүп бериле баштады.
Кошумчалай кетсек, официалдуу катталган жумушсуз жарандардын саны февраль айынын аягында 78.4 миңге жеткен. 2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2.1% жогорулаган.