Жарыяланган
2020-18-09, 08:002020-жылы тышкы карыз 1 млрд долларга өсүп кетти деген айрым парламент мүчөлөрүнүн билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
[news 27982]
Белгиленгендей, бүгүнкү күндө 337 млн доллар тышкы жардам алынса, анын ичинен 269 млн доллар насыя катары берилген.
«Үстүбүздөгү жылдын 31-июлуна карата мамлекеттик тышкы карыздын көлөмү 4 млрд 169.6 млн долларды түзөт. Жыл аягына чейин анын көлөмү 154 млн долларга жогорулап, 4 млрд 323.6 млн долларды түзөт», — деп такташты Финансы министрлигинен.
Андан сырткары, министрлик депутаттар тезинен кабыл алган эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлоруна макул эмес. Ведомствонун маалыматы боюнча, документтерди бекитүү боюнча бардык процедуралар республиканын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлдү.
«Эл аралык келишимдердин негизинде каражат алуу тууралуу көптөн бери айтылып келет. Донорлор менен сүйлөшүүлөр ушул жылдын февраль айында башталып, апрель айында жактырылган. Каражаттарды 2020-жылга пайдалануу боюнча жобо республикалык бюджетте жана Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген, ошондой эле 2021-2022-жылдарга болжолдуу түрдө пайдалануу иштелип чыккан», - деп билдирди министрлик.