akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2021-05-03, 05:50

    Финансы полициясын жоюу жөнүндө чечим кабыл алынды

    Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) жоюу жөнүндө чечим кабыл алынды. Тиешелүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

    [news 32126]

     

    «Расмий маалыматтарга ылайык көмүскө экономиканын деңгээли 130 миллиард сомду же ИДПнын 23,6% түзөт, ал эми көз карандысыз эксперттер көмүскө экономиканын үлүшү ИДПнын 24 пайыздан 43 пайызына чейин экендигин белгилешет, бул Финансы полициянын кызматын талаптагыдай иштебегендигин кабар берет», - деп жазылат маалыматта. 

    Буга кошумча жеке ишкердикке мыйзамсыз кийлигишүүсү боюнча нааразычылыктардын келип жаткандыгы дагы түрткү болгон. 

    «Көз карандысыз эксперттерден жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнөн экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү жаатында бул органдагы коррупция, ошондой эле анын жеке ишкердикке мыйзамсыз кийлигишүүсү боюнча нааразычылыктар келип түшүүдө. Бирок, Финансы полиция объективдүү түрдө бүгүнкү күндө жогоруда аталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча чараларды көрбөстөн, жазалоочу функцияларды гана аткарып келүүдө», - деп билдиришти өкөттөн.