Жарыяланган
2023-19-10, 03:50Финансылык технологиялар өлкөнү санариптештирүүнүн кыймылдаткычы болуп саналат. Бул тууралуу “FinConference 2023” конференциясында Санариптик өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Азамат Буржуев билдирди.
Анын айтымында, санариптештирүүнүн деңгээлин каржы тармагы эң көп өнүктүрүүдө.
“Түштүк Кореялык кесиптештер Кыргызстандын рыногун талдап, алардын өлкөсүндө санариптештирүүнүн кыймылдаткычы финтех болгонун белгилешти”, - деди Азамат Буржуев.