Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 109,5 млн доллар алат
Кыргызстан Ысык-Көл айланма жолунун курулушуна Азия өнүктүрүү банкынан 109,5 млн доллар алат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Абсаттар Сыргабаев 23-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде билдирди
2024-24-09 03:15:03