Жарыяланган
2024-05-06, 04:25Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл районунун Тамчы айыл өкмөтүнүн Кош-Көл айылында пилоттук негизде ишке ашырылган жамгырлатып сугаруу системасы менен таанышты. Бул тууралуу министрилктин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган система Айыл чарба мамлекеттик фондунун 24,5 гектар жерине орнотулуп, бүгүнкү күндө 6 гектар аянтындагы айыл чарба өсүмдүктөрү пайдаланууга берилди.
“Мындай система аркылуу сууну коромжу кылбай үнөмдүү, сарамжалдуу пайдалануу менен мол түшүм алууга шарт түзүлөт”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилеп кетсек, жөнөкөй арык аркылуу 1 гектар жерди бир күн сугарууга убакыт кетсе, бул жамгырлатып сугаруу системасы менен 8 саатта 3 жарым гектарды сугарууга болот. Ошондой эле, арык аркылуу 25 гектар жерге кетчү суу менен, жамгырлатып сугаруу системасы колдонулса 100 гектар жерди сугарууга мүмкүндүк бар.
“Биз азыр ар бир районго пилоттук негизде 100 гектар жерге тамчылатып, жамгырлатып сугаруу системасын орнотуп берели деп турабыз. Эл көрүп ынансын. Учурда 2024-2028-жылдарга суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн тамчылатып, жамгырлатып сугаруу ыкмасын колдонуу боюнча программа даярдалууда. Ушуга байланыштуу, бул системаны кеңири колдонуу үчүн продукциянын өздүк наркынын баасын арзандатуу үчүн тетиктерди чыгаруучу заводду куруу пландаштырылууда",- деди министр Бакыт Төрөбаев.