Жарыяланган
2024-06-08, 09:257-августта Нарын жана Ысык-Көлдө нөшөрлүү жаан-чачын болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган облустардын тоолуу аймактарында жана тоо этек райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Мындан улам министрлик жарандарды тоого, саякатка чыкпоону, капчыгайларда жана суу жээктеринде эс алууга барбай турууга чакырат.