Жарыяланган
2021-29-03, 04:30Мунайларды экспорттоо боюнча бириккен мамлекеттердин (ОПЕК) эл аралык өнүктүрүү фонду 80 чакырым Ыссык-Көл шакекче жолун оңдоп-түзөө үчүн 10 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Тиешелүү келишимге 15-мартта кол коюлган. Бул тууралуу финансы министрлиги билдирди.
[news 32298]
Өкмөт буга чейин бул макулдашууну жактырган. Долбоордун максаты – Кыргызстанды 2018-2040-жылдары өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиясына ылайык экономикалык өнүгүүнү күчөтүү.
Долбоордо жер казуу жана дренаж иштери, көпүрөлөрдүн курулушу жана институционалдык потенциалды көтөрүү камтылган:
• деталдуу талдоо жүргүзүү үчүн консультациялык кызматтар;
• курулушту көзөмөлдөө;
• долбоорду башкаруу;
• долбоорду текшерүү жана жолдорду тейлөө үчүн жабдуулар.