Жарыяланган
2022-09-09, 04:45"Керемет Банк" ААК башкармалыгынын орун басары Александр Рудаков өз каалоосу менен кызматынан кетти. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.
Банктын Директорлор кеңеши 2022-жылдын 6-сентябрында Рудаковдун арызын канааттандырган.
Александр Рудаков 2022-жылдын 14-апрелинде "Керемет Банк" башкармалыгынын төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.