Жарыяланган
2022-15-12, 11:37“Торугарт-автожол” жана “Эркечтам-автожол” өткөрүү пункттарынын иш графигине айрым өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын декабрынан тарта аталган өткөрүү пункттары күн сайын ишемби жана жекшемби күндөрү иштейт.
“Ошол эле учурда “Торугарт-автожол” жана “Эркечтам-автожол” көзөмөл-өткөрүү пункттары Кытайдан Кыргызстанга транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү гана алып өтүүнү караган атайын алгоритмге ылайык иштейт”, - деп айтылат мекеменин маалыматында.