Жарыяланган
2024-23-05, 05:24"Борбор Азиянын Капитал Банкы" акцияларын үч акционерге бөлүштүрдү. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.
Жалпысынан үч акционер банктан 4 миллион 602 миң 266 нуска баалуу кагаз алышкан. Бул банктын баалуу кагаздарды кармоочуларынын ар бирине таандык акциялардын көлөмүнө таасирин тийгизген, бирок алардын жалпы капиталдагы үлүшү өзгөргөн эмес.
Ошентип, Чыныбай уулу Эржанга таандык акциялардын саны 4,9 миллиондон 6,9 миллионго чейин өстү, бирок уставдык капиталдагы үлүшү дагы эле 40%ды түзөт. Айдай Турсунбекова менен Чыныбай кызы Бегимайдын акциялары бөлүштүрүлгөнгө чейин бирдей сандагы баалуу кагаздарга ээ болушкан – ар бири 3,7 миллион нускада, андан кийин алардын акцияларынын саны 5,2 миллионго чейин көбөйгөн, бирок үлүшү 30% бойдон калды.
Кошумчалай кетсек, “Акчабар” буга чейин “Капитал Банк” Kыргыз фондулук биржасынын биринчилик рыногуна акциялары менен чыгып, дээрлик 4,9 миллион акцияны жайгаштырганын жазган.