Жарыяланган
2024-06-02, 10:20Ош облусунун Кара-Суу районундагы Киров айылында 160 орундуу бала бакча ачылды. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылышына өкмөт башчы Акылбек Жапаров катышты.
Маалыматка ылайык, бала бакчанын курулушу 2022-жылы башталып, сметалык баасы 68 млн 578 миң сомду түзөт.