Жарыяланган
2024-07-03, 11:33Казакстандын Транспорт министрлигинин Жарандык авиация комитети Нью-Йоркко аба каттамын ачуу пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу Tengri Travel сайты жазды.
2023-жылдын май айында “Air Astana” компаниясынын президенти “Питер Фостер” авиакомпаниянын пландары тууралуу айткан. Андан соң өкмөттүк жыйында журналисттер белгилүү компаниянын жетекчисинен Нью-Йоркко каттам качан ачылат деп сурашкан.
"Учурда 2025-жылга чейин каттамдарды ачуу пландалууда. Каттамдар Алматыдан болот. Алматы - Нью-Йорк баштапкы этапта жумасына 3 жолу, андан ары жумасына 5 каттамга чейин көбөйөт. Ал эми көрсөткүчтөр жакшы болсо, Астанадан каттамдар болбойт”, - деди ал.