Жарыяланган
2021-19-02, 08:30Казакстандын мамлекеттик карызы 2021-жылдын 1-январына карата 49.5 млрд $ же ИДПга карата 29.6% түздү. Белгиленген 50% ченден ашкан эмес. Бул тууралуу Казакстандын финансы министрлиги Ерулан Жамаубаев билдирген.
[news 29735]
Анын айтымында, мамкарыздын структурасынын 80% өкмөттүн карызы түзөт. Тагырагы, 40.1 млрд $ же ИДПга карата 23.9%.
Андан сырткары, Казакстандын республикалык бюджетинин дефицити 5.2 млрд $ түзгөн.
Белгиленгендей, 2020-жылдын 1-октябрына карата Казакстандын мамкарызы 47.1 млрд $ жеткен.