Жарыяланган
2023-06-01, 10:08Кыргызстандын Табигый монополиялардын субъектилеринин мамлекеттик реестрине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (МАК) билдирди.
Алсак, реестрге Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан “Кербен суу-канал” ишканасы кирет.
Белгилей кетсек, муниципалдык ишкана 2018-жылдын 26-январынан бери иштеп, сууну чогултуу, кайра иштетүү жана бөлүштүрүү менен алектенет. Жетекчиси Мамадалы Токтомушев.