akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2023-31-03, 09:15

    «Халык Банк» аудитордук кызмат үчүн 33 миң доллардан ашык төлөйт

    “Халык Банк Кыргызстан” ААКсынын акционерлери жылдык жалпы чогулушунда 2023-жылга аудитордук компанияны тандашты. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

    Ошентип, "Бейкер Тилли" ЖЧКсы ушул жыл үчүн банктын тышкы аудитору болуп калды. Компания көрсөткөн кызматы үчүн улуттук валютада 33 миң 40 долларга барабар сумманы алат.

    "Төлөм накталай эмес сом түрүндө Улуттук банктын төлөм күнүндөгү курсу боюнча жүргүзүлөт, бирок 2 млн 973,6 миң сомдон ашпайт", - деп белгилейт Халык Банк.


    Тектеш материалды окуу