akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-12-06, 05:55

    «Кыргыз почтасы» акционерлердин жалпы чогулушун өткөрөт

    1-июлда “Кыргыз почтасы” ишканасынын акционерлеринин жалпы чогулушу болот. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

    Күн тартибинде эки маселе бар. Биринчиси эсептөө комиссиясынын курамына, экинчиси аудитордук компанияны бекитүүгө тиешелүү.

    Мындан тышкары, акционерлер 2024-жылга карата аудитордук кызмат үчүн төлөмдүн өлчөмүн бекитиши керек.