akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-05-02, 07:35

    Кыргыз-тажик чек арасынын 3,71 чакырымы макулдашылды

    Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

    Жолугушуу  30-январдан 5-февралга чейин Баткен шаарында өттү. Анда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы боюнча макулдашышты.

    Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин Таджикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантышат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

     


    Тектеш материалды окуу