Анкарада өткөн кыргыз-түрк бизнес форумунун жыйынтыгында 1 млрд сомдон ашык суммага экспорттук келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, форумда:
"Дан Агро Продактс" менен "Башан Агро Гида Сан" ЖЧКсынын ортосунда Түркияга 4,6 млн АКШ долларына буурчак өсүмдүктөрүн жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн;
- Ve Tic A.Ș. жана 1,8 млн АКШ доллары өлчөмүндө Кыргызстандан жаңгакты экспорттоо боюнча баштапкы келишим түзүлдү;
- Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен ОСТИМ ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен ОСТИМ ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
- "Чакан ГЭСтер Ассоциациясы" юридикалык жактардын ассоциациясы менен EKSTUR Turizm Danışmanlık Tanıtım Dekorasyon Gıda İthalat İhracat San.Tic.Ltd.Şti жана башкалар ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум кабыл алынган.