Жарыяланган
2024-08-07, 04:00Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров Кара-Балта шаарында жайгашкан “Кыргызалтын” ААКсынын алтын өлчөнгөн куймаларын чыгаруучу заводунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Долбоордун жалпы суммасы 300 млн сомду түзүп, толугу менен “Кыргызалтын” ААКнын өздүк каражаттарынан каржыланат.
Долбоор өлчөнгөн куймаларды өндүрүү жана сатуу боюнча иштерди өнүктүрүүгө жана кошумча наркты көбөйтүү менен Кыргызстанда казылып алынган баалуу металлдардын жүгүртүүсүн көбөйтүүгө багытталган.