akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-13-05, 06:51

    «Кыргызфармация» ишканасынын чыгымы 614 миң сомду түздү

    Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баяндама жасады. 

    Анын айтымында, "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы 2023-жылы Президенттин жарлыгы менен түзүлгөн. Ишкананын максаты жана милдети мамлекеттик медициналык мекемелерди, андан кийин калкты дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен кыйла жеткиликтүү баада камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууга принциптүү жаңы мамилени камсыз кылуу.

    “2024-жылдын төрт ай ичинде “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасына саламаттык сактоо уюмдарынан түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасы 445 миң 701 миң сом түздү, ал эми чыгашалардын жалпы суммасы 614 миң 385 миң сом түздү”, - деди министр. 

    Талкуу маалында комитет мүчөлөрү дары-дармектер чоң социалдык мааниге ээ болгон товар экенин баса белгилеп, жарандардын дары-дармекке болгон жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, “Эл аман” мамлекеттик дарыкана тармагын мындан ары өнүктүрүү, дары-дармектердин баасын төмөндөтүү, дары рыногун жөнгө салуу жаны аны контрафакттык продукциядан коргоо жана башка көптөгөн актуалдуу маселелерге көңүл бурушту.