Жарыяланган
2023-27-03, 04:37"Кыргызгипрострой" ачык акционердик коому дивиденддерди төлөөгө өзүнүн таза кирешесинин 58,4% бөлөт. Тиешелүү чечимди компаниянын акционерлери 24-мартта өткөн жылдык жалпы чогулушта кабыл алышты.
Бул 353 миң 389,5 сомду түзөт. Акциянын ар бири 1,5 сомдон. Дивиденддерди төлөө 26-апрелден тарта белгиленген.
"Калган 252 миң сом өлчөмүндөгү пайда ишкананын резервдик фондуна которулат", - деп тактайт "Кыргызгипрострой".
Акционердик коомдун аудитору болуп "Нурлан-Нур Аудит" ЖЧКсы шайланды. Ишкананын эмгек акысы "Кыргызгипростройдун" жылдык товар жүгүртүүсүнүн 2-3 пайызын түзөт.