Жарыяланган
2024-07-08, 11:50Кыргызстандын элчиси Максат Мамытканов Азербайжандын экономика министринин биринчи орун басары Элнур Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Жолушууда соода-экономикалык кызматташуу, анын ичинде Азербайжандан мунай сатып алуу, Азербайжанга кой этин жана төө буурчакты экспорттоо маселелери талкууланган.
Ошондой эле “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан — Каспий деңизи — Азербайжан” каттамы боюнча жүктөрдү ташуу маселелери тууралуу сөз болгон.