Жарыяланган
2023-28-12, 11:28Ушул жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын республикалык бюджетинен мамлекеттик тышкы жана ички карызды тейлөөгө иш жүзүндө 49 миллиард 81,3 миллион сом бөлүндү.
Каражаттын көбү - жалпысынан 28 млрд 692,7 млн сом тышкы карызды жабууга жумшалды. Анын 22 миллиард 581 миллион сому карыздын негизги суммасын төлөөгө, дагы 6 миллиард 58,3 миллион сому пайыздарды төлөөгө сарпталган.
Бюджеттин ички карыз боюнча чыгашасы 20 миллиард 388,6 миллион сомду түзсө, анын 13 миллиард 943,5 миллион сому негизги карызды төлөөгө туура келген.