Жарыяланган
2023-19-10, 05:30Финансылык конференцияда Банктар биримдигинин жетекчиси Анвар Абдраев 2024-жылдын 1-январынан баштап Кыргызстанда IFC колдоосу менен HG академиясы ачыла турганын билдирди.
Маалыматка ылайык, бул академия каржы кызматкерлерин даярдайт.
“Келечектеги академиянын иши Кыргызстанга гана эмес, бүткүл Борбор Азияга багытталат. Бул үчүн бизге Сбер университетинин тажрыйбасы керек болот”, - деди Банктар союзунун жетекчиси.