Жарыяланган
2024-23-05, 09:01Кыргызстанда жакынкы аралыкта пенсия курагын көтөрүү планы жок. Бул тууралуу Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө пенсияга чыгуу курагы мурдагыдай эле – аялдар үчүн 58 жаш, эркектер үчүн 63 жаш.
Белгиленгендей, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча, акыркы 15 жылда адамдын өмүрүнүн узактыгы 4 жылга узарган.
“Эгерде 2002-жылды алсак, Кыргызстанда 80 жаштан ашкан 2500 адам жашаса, азыр алардын саны көбөйүп, 60 миңден ашты”, - деди ал.