Жарыяланган
2023-20-12, 04:34Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар өлкөнүн желегин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышты.
Маалыматка ылайык, 59 депутат “макул”, 5 эл өкүлү “каршы” добуш берди.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов.
Добуш берүүдөн кийин төрага Нурланбек Шакиев кесиптештерин желекти оңдоосу менен куттуктады.