akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2021-03-02, 11:25

    Өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы кабыл алынды

     Бүгүн, 3-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министрлик кызмат ордуна сунушталган Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы каралып, жыйынтыгында тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

    [news 32126]

     

    Жыйын учурунда бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлүп, жаңы өкмөттүн түзүмүнө, курамына байланышкан сунуштар берилди.

    Кабыл алынган өкмөттүн жаңы курамы төмөндөгүчө:

    - Марипов Улукбек Асамидинович - Кыргыз Республикасынын премьер-министри;

    - Новиков Артём Эдуардович- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;

    - Кармышаков Улукбек Тойчуевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри - вице-премьер-министри;

    - Асанкулов Жеңиш Асанкулович - өкмөттүн аппаратынын жетекчиси - министри;

    - Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович (президент менен макулдашуу боюнча) - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

    - Казакбаев Руслан Айтбаевич - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

    - Чынбаева Асель Рыспековна - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

    - Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри;

    - Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

    - Иманалиев Кайрат Олжобаевич - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

    - Ажикеев Бообек Эргешович - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;

    - Ниязбеков Улан Омоканович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

    - Абдралиева Гулмира Курманбековна - Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри;

    - Турдубаев Кубанычбек Апышевич - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;

    - Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;

    - Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич (президент менен макулдашуу боюнча) - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;


    Тектеш материалды окуу