Жарыяланган
2023-16-02, 04:33Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чже менен 2023-жылга карата Корея тарабынан каралып жаткан долбоордук өтүнмөлөр боюнча сүйлөшүү жүргүздү.
Тактап айтканда, кореялык тарап Кыргызстанда 21,2 миллион долларлык үч долбоорду каржылоо мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Алар:
Өз кезегинде Бакыт Төрөбаев, Кыргыз-түштүк кореялык эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү биздин өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү жана приоритеттүү багыты болуп келгенин жана болуп кала берээрин белгиледи. Ал эми, элчи Ли Вон Чже корей тарап кыргыз-корея кызматташтыгын андан ары илгерилетүүнү улантаарын айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө, “Жаңы айыл үчүн кыймыл” коомдук бирикмесинин төрагасы Асуан Жакыпов республиканын аймагында айылды өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруудагы тажрыйбалары менен тааныштырды.
“Бул жааттагы кызматташтыкты андан ары чыңдоо максатында Корея тарапты долбоорлорду мындан дагы натыйжалуу ишке ашыруу жана Сэмаыль Ундонгдун тажрыйбасын Кыргызстандын бардык аймагына жайылтуу үчүн Бишкекте “Сэмаыль Ундонг” борборунун кеңсесин ачуу мүмкүнчүлүгүн кароого чакырам”, - деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.