akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Elgezit

    Жарыяланган

    2020-23-11, 09:30

    Коронавируска каршы вакцина толук ишке ашса, доллардын наркы төмөндөйбү?

    Америкалык аналитиктер, коронавируска каршы вакцина пайда болсо, доллардын наркы кийинки жылы төмөндөрүн билдиришүүдө. Себеби, дүйнөлүк экономика бекемделет, - деп билдирди Financial Times басылмасы. 

    [news 30193]

    Долларга болгон талап стресс маалында күчөйт. Буга коронавирус күчөп турган убакта доллардын наркы көтөрүлүп кеткени далил. 

    «Коронавируска каршы вакцинанын жайылышы, доллардын 2000-жылдардын башынан орто ченине чейинки абалга келишине шарт түзөт», - деп билдирген аналитиктердин бири. 

    Кошумчалай кетсек, Bloomberg түзгөн консенус-прогноздорго ылайык, инвесторлор кийинки жылдын аягында доллардын индекси, азыркы деңгээлге салыштырмалуу 3% түшөт.