Жарыяланган
2021-11-06, 05:00Кытай Эл Республикасынын улуттук майрамына байланыштуу "Торугарт-автожол" жана "Эркечтам-автожол" өткөрмө пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
Унаалардын жана товарлардын өтүүсү ушул жылдын 14-июнунда токтотулат. Текшерүү пункту 2021-жылдын 15-июнунда өз ишин улантат.
Эске салсак, "Торугарт-автожол" жана "Эркечтам-автожол" өткөрүү пункттары Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына жүк ташууну гана камсыз кылган атайын алгоритм боюнча иштейт.