Жарыяланган
2023-19-05, 07:05Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар боюнча сайттардын аркасында 5 миллиард сомго чейин үнөмдөлөт. Бул тууралуу улуттук валютанын 30 жылдыгына арналган конференцияда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын улук банкири Жылдыз Галиева билдирди.
Ал банктын Кыргызстанда иштеп жаткан IFC сыяктуу жана баша долбоорлоруна кыскача токтолду.
"ЕРӨБ өкмөттүн жана Кыргызстандын Улуттук банкынын бардык реформаларын колдоп, каржылык колдоо көрсөтөт", - деди Жылдыз Галиева.