Жарыяланган
2024-10-05, 08:508-майда Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев менен Катардын Ички иштер министри Шейх Абдулазиз бин Фейсал Аль Танинин жолугушуусу өттү.
Тараптар кызматташуу маселелерин, анын ичинде жумушчулардын келүү шарттарын жана Кыргызстандын жарандары үчүн визалык режимди жөнөкөйлөштүрүү маселелерин талкуулашты.
Катар тарап кызматташууну чыңдоого жана кеңейтүүгө кызыктар экенин билдирди. Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн байланыштарды улантуу макулдашылды.