Жарыяланган
2021-05-08, 08:00Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Сауд Аравия Королдугунун Кыргызстандагы элчиси Ибрахим Ради Альради менен болгон жолугушууда эки өлкө ортосундагы туруктуу аба каттамдарын ачуу боюнча ишти жандандыруу маселесин көтөрдү, деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы.
Мындан тышкары, жолугушууда парламенттер аралык кызматташтык маселелери талкууланды. Икрамов аш-Шур Мажлисинин өкүлдөрүн Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырды.
Ошондой эле, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу келишимдерди ратификациялоо маселеси талкууланды.