Жарыяланган
2023-13-05, 05:30Кувейттин өнүктүрүү фонду Кыргызстанга инфраструктуралык долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу үчүн 1 миллион доллар гранттык жана техникалык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кароого даяр. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Бул Кувейт фонду менен биргелешкен долбоорлорду туруктуу ишке ашырууга максималдуу жардам берери белгиленген.
Тараптар натыйжалуу кызматташууга жетишүү үчүн биргелешкен аракеттерди активдештирүү зарылдыгын белгилешти.