Жарыяланган
2023-21-02, 05:35Кыргызстанда 20 миңге жакын адам, же жалпы жумушчулардын 4% гана 66 миң сомдон ашык эмгек акы алышат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Изилдөөнүн жыйынтыгы, 240 миңден ашуун кызматкерлердин дээрлик жарымы (49%) 22 001 миң сомдон 66 00 миң сомго чейин эмгек акы ала тургандыгын көрсөткөн.
Ошондой эле, 19 миңден ашуун адам (4%) 6 600 сомго чейинки өлчөмдө эмгек акы ала тургандыгы белгилүү болгон.
Кошумчалай кетсек, Улуттук статистикалык комитети аталган изилдөөнү 2022-жылдын ноябрь айында жүргүзгөн.