Жарыяланган
2023-16-05, 06:57Быйыл январь-апрель айларында Кыргызстанда жумуртка өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Алсак, 2023-жылдын 1-майына карата республикада 200 679 даана жумуртка (117,9%) өндүрүлгөн, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30 434 даанага көп.
Эске салсак, биринчи үч айында Кыргызстанда 134 млн. 394,2 миң жумуртка өндүрүлгөн. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул 26,8%га көп. Мунун себеби Айыл чарба министрлиги тарабынан иштелип чыккан кластердик системага байланыштуу.