Жарыяланган
2024-14-08, 06:02Быйыл жети айда Нарын облусуна дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 2,9 млн сомго 4 долбоор бекитилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кочкор районундагы 1 объектиге - 0,7 млн сом, Нарын районунун 1 объектисине - 0,7 млн сом, Нарын шаары 2 объектисине 1,5 млн сом бекитилди.
Жалпы 2 мектепке – 1,5 млн сом, 1 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектисине – 0,6 млн сом, 1 бала бакчага – 0,8 млн сом жумшалды.