Жарыяланган
2023-16-01, 08:55Учурда Майлуу-Сууда 800 тургун жылуулук жана суу менен камсыз болуп, №1 отказан иштеди. Бүгүн кечке чейин 1 миң 234 абонентке суу барат. Бул тууралуу “Акчабарга” президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында үч отказандын бирөөсү жылуулук бере баштады.
“Кечке чейин №4 отказан ишке кирет. Ал жерде 186 абонент бар. Аларга да альтернативдүү сайдын суусу менен электр энергиясын берүү пландалууда”, - деди президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев.
Аткаминердин айтымында, №3 отказанды ишке киргизүү кыйын болууда. Анткени бул отказан сайдан 1,5 км алыстыкта жайгашып, ага сууну тартып келүү оор болууда.
“Учурда Борбордук суу түтүктөрү эритилүүдө. Бул түтүктөр бүгүн-эртең жөнгө салынат”, - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 12-январда Майлуу-Сууда калкты таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Тактап айтканда, таза суу сактагычында түтүктөр тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Шаардыктарга берилүүчү суунун көлөмү азайып, №1, 3, 4 отканаларда жылуулук берүү системасына суу толук келбей калган.
Азырынча аймактагы өзгөчө кырдаал режими качан алынары белгисиз.