akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-02-08, 11:49

    Мамкурулуш Бишкектеги он кабаттуу үйдүн курулушун токтотту

    Борбор калаадагы Айни көчөсүндө курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Гонжа” ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, Архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы аталган көчөдөгү курулуш боюнча келип түшкөн видео кайрылуунун негизинде билдирди. 

    “10 кабаттуу турак-жайдын курулуш иштери токтотулуп, 200 миң сом айып салынды”, - деп айтылат маалыматта.