Жарыяланган
2023-19-09, 04:11“Манас” эл аралык аэропорту өз кирешесинин эсебинен эки учак сатып алды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун жетекчиси Манасбек Самидинов маалымат жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, бир учактын орточо баасы болжол менен 6 млн доллар.
“Эки учак тең 2013-жылы чыгарылган жана Канадада жасалган”, - деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, учактар 2024-жылдын май айында келет.