akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: КР Өкмөтү

    Жарыяланган

    2021-19-03, 06:30

    Марипов: Бишкек жана Ошко өрткө каршы техникаларды сатып алууга каражат табылат

    Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек жана Ошко өрткө каршы техникаларды сатып алууга каражат таба тургандыгын билдирди. Бул тууралуу өкмөт башчы Бишкекархиктеккурулуштагы көчмө жыйында билдирди.

    [news 32921]

     

    Ал бүгүнкү күндө өлкөдө бийиктиктеги өрттү өчүрүү үчүн тиешелүү техникалар жок экенин айтты.

    Марипов өрт өчүрүүчү техниканын жоктугунан бизнес жабыркабашы керек деп белгиледи.

    «Биз Бишкек жана Ошко бирден техника сатып алышыбыз керек. Каражатты мен табам»,-деди ал.