Жарыяланган
2021-23-07, 09:00Жалал-Абад облусунун дарыгерлери ушул жылдын июнь айына компенсациялык төлөмдөрдү алышты. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сайтында маалымдалды.
Кенемтенин жалпы суммасы 8 миллион 112 миң сомду түздү. Каражатты жалпысынан 14 саламаттык сактоо уюмунун 578 медициналык кызматкери алды.
Кошумчалай кетсек, төлөмдөрдүн көпчүлүгү жалпы медициналык практика борборуна жөнөтүлдү. Анын алкагында, 407 медицина кызматкерине 5 миллион 23 миң сом төлөндү.