akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-17-06, 07:00

    Мэрия Бишкектеги эки мектепти оңдоого 26 млн сом жумшайт

    Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы борбор калаадагы эки мектепти оңдоого тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

    Аларды оңдоого мэрия 26 млн 170 миң 470 сом төлөйт.

    Тактап айтканда, №42 орто мектептин фасады 10 млн сомго оңдолуп, калган 16 млн сомуна №11 мектептин чатыры жана жылытуу жабдуусу оңдолот.


    Тектеш материалды окуу