Жарыяланган
2024-20-06, 08:47Капиталдык курулуш башкармалыгы Жалал-Абад облустук администрациясынын имаратын, мэриянын имаратын жана борбордук аянтты курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
Тендердин жалпы суммасы 900 миллион сомду түзөт.
Бул акчага Жалал-Абад обладминистрациясынын имараты, мэриянын имараты жана борбордук аянт курулат.