Жарыяланган
2021-22-07, 04:00PAYSEND Кыргызстандагы өнөктөштөр "Бакай Банк" жана "Банктар аралык процессинг борборунун" колдоосу менен республиканын бардык банктары тарабынан чыгарылган ЭЛКАРТ карталарына эл аралык онлайн которууларды баштады. Бул тууралуу Кыргызстан Банктар бирлигинин сайтында маалымдалды.
Бул кызмат аркылуу акча которуу үчүн банктын филиалына баруунун кажети жок. Эми сизге чет өлкөлүк VISA, Mastercard, ChinaUnionPay, MIR карталарынан ЭЛКАРТ картаңызга которууларды paysend.com сайтынан же App Store же Google Play'ден Paysend мобилдик тиркемесин жүктөө аркылуу жөнөтө алышат.
Кыргызстанга каражат которуу үчүн:
Маалым болгондой, комиссия которуулардын суммасына карабастан белгиленет.